Атамбаев бүгүн Стамбулга учуп кетти

© Пресс-служба президента КРПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент иш сапарынын алкагында башка делегациялардын башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрмөкчү.23-24-майда Бириккен улуттар уюму өзүнүн 70 жылдык тарыхында гуманитардык маселелерге арналган дүйнөлүк саммит өткөрөт.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Стамбул шаарында өтө турган Дүйнөлүк туңгуч гуманитардык саммитке учуп кетти. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады.

"Атамбаев БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун чакыруусу менен бүгүн Стамбул калаасына Дүйнөлүк гуманитардык саммитке учуп кетти",— деп билдирди маалымат кызматы.

Президент иш сапарынын алкагында башка делегациялардын башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрмөкчү.

23-24-майда Түркиянын Стамбул шаарында Бириккен улуттар уюму өзүнүн 70 жылдык тарыхында гуманитардык маселелерге арнап алгач ирет дүйнөлүк саммит уюштуруп жатат.  

Жаңылыктар түрмөгү
0