Атамбаев кытай министрин "Данакер" ордени менен сыйлады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини "Данакер" ордени менен сыйлоо учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини Данакер ордени менен сыйлоо учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайдын тышкы иштер министри эки күндүк расмий сапарынын алкагында кыргызстандык кесиптеши менен жолукту.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини "Данакер" ордени менен сыйлады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Эскерте кетсек, Ван И Кыргызстанга 21-майда эки күндүк расмий сапар менен келген. Президентке чейин ал кыргызстандык кесиптеши Эрлан Абдылдаев менен жолугуп, эки тараптуу мамилелер талкууланган.

"Сыйлык Ван И мырзанын Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы тынчтыкты, достукту жана кызматташууну бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыйгарылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Орден ыйгарылгандан кийин Атамбаев Ван И менен эл аралык маселелер, аймактык коопсуздук жаатындагы кызматташуу боюнча баарлашты. Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы жогорку деңгээлдеги мамилелерге баа берип, саясий, соода-экономикалык жана коопсуздук боюнча эки тараптуу кызматташуу маселесинде жетишилген ийгиликтерге басым жасалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0