ЖКнын Эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүн Бакыт Асангул жетектеди

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЖогорку Кеңештин имараты. Архив
Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ал аталган кызматта, тагыраагы Эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүн жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин аппаратынын Эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүн Бакыт Асангул жетектеди. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

"ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков Эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүнүн жетекчиси кылып Бакыт Асангулду дайындоо боюнча буйрукка кол койду",— деп маалымдашты парламенттен.

Буга чейин Бакыт Асангул аталган кызматта, тагыраагы Эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүн жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0