Ажого айбат кылгандар. "Айыпка илинип кала жаздаган" кыргыз президенттери

© Фото / Rae AllenФемида айкели. Архив
Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаевге карата доо арыздын мурдагы президенттерге салыштырмалуу көп жазылышы өлкөдөгү демократиялык принциптердин бар экендигинен кабар берет дешет.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстандын азыркы президенти Алмазбек Атамбаевди укук коргоочулар Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаиловалар мамлекет башчысы кечирим сурабаса сотко бере тургандыгын айтышты. Президент 14-майда Энелер күнүнө карата өткөн салтанатта "Элдик парламенттин" жыйынына катышкан укук коргоочуларды алган грантын актагысы келген бейөкмөтчүлөр деп айткан. Мамлекет башчысын сотко берүүгө камынган бул кадам туурасында коомчулукта ар кыл пикирлер айтылууда.

Sputnik Кыргызстан эгемендик жылдарындагы Кыргызстан президенттерине айбат көрсөтүп, сотко берген фактыларды эстеп көрдү.

Акаевдин үстүнөн жазылган алгачкы жана акыркы арыз

Атамбаев "Элдик парламент" жана өзүнүн отставкасы тууралуу
Кыргыздын туңгуч ажосу Аскар Акаевди 2006-жылы апрель айында ошол кездеги "Эркиндик" партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев аны жөнү жок жерден саясий куугунтукка алды деген кине коюп, сотко берген. Топчуке ажодон 100 миллион сом өндүрүп алуу туурасындагы дооматын кошуп, арызын Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотуна жолдогон. Бул кадамын Тургуналиев аны "1999-2000-жылдары президентке кол салууга даярдалган деген жалаа менен камакка алгандыгы үчүн" деп негиздеген. Бирок бул кезде туңгуч ажо 2005-жылдагы март окуясынан кийин жер которуп, Россияда орун-очок алып, жайланышып калган. 

Бакиевге эмес, баласына

Ал эми 2005-2010-жылдары президент болгон Курманбек Бакиевге учурунда сотко берүүгө эч ким дааган эмес. 

Бирок өзүн болбосо да уулу Максим Бакиевди "Жер-Үй" кенин иштетүүгө лицензия алган британиялык "Oxus" ишканасынын президенти Шон Дейли экс-ханзаада Максим Бакиевди сотко берди. Ишкер доосунда ажонун уулу ден соолугун бир топ начарлаткандыктан, соттун ага карата чара көрүүсүн талап кылган. Дейли доосун 2015-жылдын апрель айында жазган.

Атамбаевди сотко бергендер арбын

Темир Сариев: Атамбаев ишиме кийлигишкен эмес
Доосун айтып, мамлекет башчынын үстүнөн сотко кайрылган фактылар боюнча азыркы президент Алмазбек Атамбаев алдыда турат. Муну бир катарлар өлкөдөгү демократиялык принциптердин бар экендигинен кабар берет дешсе, дагы бир даары азыркы ажо сотко берчү жагдайларга көп чалдыгат деген пикирлерин айтып келишет.

Парламенттик шайлоо боюнча. Кыргыз коомчулугуна президент Атамбаевди кыргызстандык жаран сотко берди деген кабар 2015-жылдын октябрында тарады. Улуттук оппозициялык кыймыл менен "Эгемен Кыргызстан" партиясынын башчысы Бектур Асанов "өзү түптөгөн КСДП партиясын колдоп, парламенттик шайлоодо мыйзам бузду" деп президент Алмазбек Атамбаевди сотко берген. Доо арызын ал Бишкек шаар аралык сотко жолдогон. 

Ар намысын коргогон юрист же эки жолку доо арыз. Кийинки арызды сотко юрист, 2015-жылдын декабрында "Прецедент" өнөктөштүк тобу" коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурбек Токтакунов парламенттик шайлоо алдында бейөкмөт уюмдардын иши тууралуу айткандарына таянып жазган. Юрист доо арыз менен Биринчи май райондук сотуна кайрылган. Өкмөттүк эмес уюмдар туурасында Атамбаев эл аралык байкоочулар менен жолугуп жатып билдирген. Бирок анын арызы артка кайтарылган. 

Токтакунов ушул эле арызын 2016-жылдын январында жаңылап, Атамбаев менен соттошуу ниетинен кайтпай, аталган сотко арызын толуктап кайра жөнөткөнүн билдирген. 

Айтылган сынды өзүнө кабыл алууга Токтакуновдун андан бир аз мурда биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча жасаган билдирүүлөрү жана аны коштогон соттук жараяндары негиз болгон. 

Жогорку кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бейөкмөт уюмдарды тескеген мыйзам долбоору парламентте колдоо тапкан жок
2 миллион жана 1 сом. Атамбаевди сокто бергендердин катарын журналист Дайырбек Орунбеков да толуктайт. Ал өлкө башчысы менен президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовдун үстүнөн 2016-жылдын январь айында Бишкектеги Биринчи Май райондук сотко арыз менен кайрылган. Журналист президенттен бир сом өндүрүп берүүнү талап кылган. Ал мунун себебин президент маалымат жыйында ага такталбаган бир топ күнөөлөрдү коюп, ал эми Ниязов ал туурасында чындыкка дал келбеген кайрылуу жасады деп негиздеген.

Буга чейин Орунбековго сот Оштогу июнь айындагы улуттур аралык кандуу окуя боюнча Атамбаев туурасында негизсиз маалыматтарды жазды деп 2 миллион сом айып салган. 

Азырынча акыркы. 2016-жылдын 16-майында укук коргоочулар Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаиловалар мамлекет башчысын сотко бере тургандыгы тууралуу билдирүүсү биздин тизменин акыркысы болуп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0