Мамлекеттик чек ара кызматын Абдикарим Алимбаев жетектемей болду

Жазылуу
Тийиштүү буйрукка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койду.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп Абдикарим Алимбаев дайындалды. Тийиштүү буйрукка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси болуп дайындалгандан кийин анын орду бош калган. Жаңы дайындалган Алимбаев буга чейин чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси Дүйшөнбиевдин орун басары болуп иштеген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0