Алты айылдык кеңешке болгон шайлоо жыйынтыкталды

Жазылуу
Шайлоочулардын 41,86 пайызы келип, каттоого алынган 31 205 кишинин 13 061 кишиси добуш берген.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Нарын, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы алты айылда жергиликтүү кеңешке болгон шайлоо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоочулардын 41,86 пайызы келип, каттоого алынган 31 205 кишинин 13 061 кишиси добуш берген.

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каракол шаарынын мэри болуп Данияр Арпачиев шайланды
Шайлоо учурунда автоматташтырылган урналардын бузулуусу катталган эмес жана арыздар да келип түшкн эмес

Ушуну менен жергиликтүү кеңешти шайлоодо автоматташтырылган урна менен шайлоочулардын биометрикалык маалыматтары экинчи жолу колдонулуп жатат.

Белгилей кетсек, шайлоо Нарын облусунун Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айылдык кеңешине (11 мандаты), Ош облусунун Араван районундагы Нурабад (21 мандат) жана Тепе-Коргон (31 мандат) айылдарында, Өзгөн районундагы Алтын-Булак (11 мандат) жана Мырзаке (21 мандат) айылдарында болууда. Мындан сырткары Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айылында (11 мандат) да жергиликтүү кеңешке өттү.

Жалпысынан алганда Нарын облусу боюнча жергиликтүү кеңешке — 24 талапкер, Ош облусу боюнча — 184 жана Ысык-Көл боюнча 29 талапкер көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0