Жекшембиде Нарын, Ысык-Көл жана Ошто айылдык кеңештин депутаттары шайланат

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан адам. Архив
Добуш берип жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан алганда Нарын облусу боюнча жергиликтүү кеңешке 24 талапкер, Ош облусу боюнча — 184 жана Ысык-Көл боюнча 29 талапкер көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Жекшемби күнү, 15-майда Нарын, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы алты айылда жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, шайлоо 17 округда 23 шайлоо участкасында болот.

Ош шаардык кеңештин коалициясы Оштун мэрлигине Кадырбаевдин талапкерлигин колдоду
Шайлоо Нарын облусунун Жумгал районундагы Чоң-Дөбө айылдык кеңешине (11 мандаты), Ош облусунун Араван районундагы Нурабад (21 мандат) жана Тепе-Коргон (31 мандат) айылдарында, Өзгөн районундагы Алтын-Булак (11 мандат) жана Мырзаке (21 мандат) айылдарында өтөт. Ал эми Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кум-Бел айылында (11 мандат) да жергиликтүү кеңешке шайлоо болот.

Жалпысынан алганда Нарын облусу боюнча жергиликтүү кеңешке — 24 талапкер, Ош облусу боюнча — 184 жана Ысык-Көл боюнча 29 талапкер көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0