Түлеев эмне дейт?

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин экс-мэри Нариман Түлеев. Архив
Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин мурунку мэри жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Нариман Түлеев маалымат жыйын өткөрүп, абактагы жашоосунан баштап, душмандары, келечек пландары тууралуу ой бөлүштү.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Жакында эле түрмөдөн чыккан Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев бүгүн, 12-май күнү маалымат жыйын өткөрдү. 

Түлеев Нарымбаев эмне үчүн акча алып жаткан жеринен кармалбай калганын айтып берди
Эскерте кетсек, Түлеев 2012-жылы мэрлик кызматты аркалап турган учурунда коррупция боюнча шектелген. 2008-жылы Кытайдан жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда жана 200 миллион сомдук муниципалдык облигацияларды чыгарууда мыйзамсыз аракеттерге барганы үчүн кылмыш иши козголгон. 2013-жылы Ленин райондук соту аны мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. 

Түлеев мамлекеттик казынага 60 миллион сом төлөп, 7-майда эркиндикке чыкты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги экс-мэрдин маалымат жыйындагы кызыктуу билдирүүлөрүнүн топтомун сунуштайт.

Абактан бошотулушу тууралуу. Мен эркиндиктин абасына мас болдум.

Бишкек тууралуу. Түрмөдөн чыккандан бери жөө басып жүрөм. Шаар, албетте, жакшы жагына өзгөрүптүр. Курулуш көп экен, демек иш бар, адамдар айлык алып жатышат.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖакында эле түрмөдөн чыккан Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев бүгүн, 12-май күнү маалымат жыйын өткөрдү.
Жакында эле түрмөдөн чыккан Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев бүгүн, 12-май күнү маалымат жыйын өткөрдү. - Sputnik Кыргызстан
1/5
Жакында эле түрмөдөн чыккан Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев бүгүн, 12-май күнү маалымат жыйын өткөрдү.
© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин экс-мэри Нариман Түлеев маалымат жыйынында
Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев маалымат жыйынында - Sputnik Кыргызстан
2/5
Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев маалымат жыйынында
© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин экс-мэри Нариман Түлеев маалымат жыйынында
Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев маалымат жыйынында - Sputnik Кыргызстан
3/5

4/5

5/5
Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев маалымат жыйынында
1/5
Жакында эле түрмөдөн чыккан Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев бүгүн, 12-май күнү маалымат жыйын өткөрдү.
2/5
Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев маалымат жыйынында
3/5
Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев маалымат жыйынында
4/5
Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев маалымат жыйынында
5/5
Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев маалымат жыйынында

Түрмөдөгү жашоо тууралуу. Мен №47 колонияда "авторитет" болдум. Юрист болгондуктан документ толтурууда кеп-кеңешимди айтып, материалдык жардам бердим, жолугушууларды уюштурчумун. Колонияда адилетсиз соттолгон мыкты адамдар отурат.

Данияр Нарымбаев тууралуу. Мен үчүн ал — кылмышкер. Финансы полициясы менен башка мекемелерге менин балдарымды кордоого тапшырма берген. Мунун баары мени чөгөлөтүш үчүн жасалган. Ал өз абалыман жана телефондук укугунан жакшы эле пайдаланды.

Коркмазов менен Нарымбаевдин пара алуу боюнча айыпталышы тууралуу. Бул абдан дыкат уюштурулган операция болчу. Нарымбаев акча алып жатканда кармалбаганына Кудай деп сүйүнсүн. Негизи кармалганда бир-эки саат создугат, бирок Коркмазов Нарымбаевди дароо эле сатып салды. Колун көтөрүп бул анын акчасы эмес экенин айтты. Операция Коркмазовдон эле аягына чыкпай калды. Анткени, менин кызым Коркмазов жана Нарымбаев менен жолугуп, аларга акча бериши керек болчу. Ал жолугушууну Нарымбаев өзү демилгелеген. 

Акча тууралуу. Санабай эле коелучу. Акча кантип айланып жатканын билбейм, муну бир да ишкер айтып бере албайт. Акча жөн жатканда ал өлүк болуп калат.

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нариман Түлеев бюджетке 60 миллион сом кайтарган
Кыргыз соту тууралуу. 14 жыл мурун ажырашкан мурунку жубайымдын батирин конфискациялашты. Муну кандай түшүнсө болот? Нонсенс.

Чет элдик сот тууралуу. Эгер сот Кытайда болсо, мени эчак актап чыгарышмак. Кытайдын өкмөтү, Юстиция министрлиги жана Мамлекеттик коопсуздук комитети биздин актыгыбызды тастыктады. Мен башынан аягына чейин отурсам да соттун өкүмүнө макул эмесмин. Эл аралык сотко кайрылууга даярдык көрүп, бардык документтерди англис тилине которуп жатабыз.

Шайлоого катышуу тууралуу. Президенттик шайлоодо татыктуу талапкерди колдойм. Шаардык кеңешке барар-барбасымды мезгил өзү көрсөтөт.

Ата-эне жана балдар тууралуу. Апамдын абалы оор, эми ага кам көрөм. Бышсын деп атам мени илгери Балыкчыга жиберип ийген. Менин балдарым да бышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0