Түлеев: Нарымбаев акча алып жатканда кармалбаганына Кудай деп сүйүнсүн

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин экс-мэри Нариман Түлеев маалымат жыйыны учурунда
Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев маалымат жыйыны учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түлеев анын бошотулушу үчүн ким ачка талап кылганын жана буга президент аппаратынын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевдин кандай тийиштиги бар экенин айтып берди.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Данияр Нарымбаев бир катар алдамчылык иштерди жасап келгенин Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев маалымат жыйынды билдирди.

Эскерте кетсек, депутат Хажимурат Коркмазов менен Нарымбаев өткөн жылдын ортосунда Түлеевдин бошотулушу үчүн анын туугандарынан акча талап кылган деген шек менен кармалган. Биринчи инстанциянын чечими менен Нарымбаев үч жыл күчөтүлгөн тартипте жаза өтөмөй болгон. Учурда бул ишти экинчи инстанция карап жатат.

"Ал Финансы полициясы менен башка мекемелерге менин балдарымды кордоого тапшырма берген. Мунун баары мени чөгөлөтүш үчүн жасалган", — деди экс-мэр.

Муну менен катар Түлеев Нарымбаевди коргоого алып, аны күнөөлүү эмес деп жаткан тарапташтарына нааразычылык билдирди. Мында ал негизинен "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаевди сынга алды.

"Текебаев деген ким? Сотко басым жасоого болбойт. Ооба, азырынча өкүм чыга эле, бирок Нарымбаев мен үчүн кылмышкер. Ал Жогорку соттун төрагасы болорун, ошондо мага көргүлүктү көргөзөрүн айтып келген", — деди Түлеев.

Экс-мэр пара берүү боюнча атайын кызматтар ири операция даярдашканын, бирок Нарымбаевди акча алып жаткан жеринен кармоого мүмкүн болбой калганын белгиледи.

"Операция Коркмазовдон эле аягына чыкпай калды. Анткени, менин кызым Коркмазов жана Нарымбаев менен жолугуп, аларга акча бериши керек болчу. Ал жерде жашыруун камералар иштеп жаткан. Негизинен ал менин кызымдан акча талап кылган. Акча алып жатканда кармалбаганына Кудай деп сүйүнсүн", — деди ал.

Бишкектин мурдагы башчысы 2013-жылдын 29-июлунда камакка алынып, 4 жылга чукул абакта жаза өтөдү.

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нариман Түлеев бюджетке 60 миллион сом кайтарган
Экс-мэр жана Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Түлеев 2012-жылы мэрлик кызматты аркалап турган учурунда коррупция боюнча шектелген. 2008-жылы Кытайдан жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда жана 200 миллион сомдук муниципалдык облигацияларды чыгарууда мыйзамсыз аракеттерге барганы үчүн кылмыш иши козголгон. 2013-жылы Ленин райондук соту аны мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык соту мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Бир жылдан кийин Жогорку соттун коллегиясы да эки соттун өкүмүн туура деп тапкан. 

Түлеев мамлекеттик казынага 60 миллион сом төлөп, 7-майда эркиндикке чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0