Иран Кыргызстан аркылуу өтчү беш тараптуу темир жолдун салынышына кызыкдар

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүТемир жол. Архив
Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иран Кыргызстан менен эки тараптуу жетишилген макулдашууларды тез арада иш жүзүнө ашырууну каалайт.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Иран ислам мамлекети Кытай — Кыргызстан — Тажикстан — Афганистан — Иран аркылуу өтчү беш тараптуу темир жолдун салынышына кызыкдар экенин өлкөнүн Жол жана шаарды өнүктүрүү министри Аббас Ахунди Кыргызстандын Ирандагы элчиси Асанбек Осмоналиев менен жолукканда билдирди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Ирандын Мазандараны менен Ысык-Көл экономикалык алака түзмөй болду
Маалыматка ылайык, жолугушуу 11-майда министрдин Кыргызстанга келер алдында болгон. Ал эми учурда Аббас Ахунди Кыргызстан менен Ирандын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 11 жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келди.

Жолугушууда өкмөттөр аралык комиссиянын күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланган. 

Иран министри эки тараптуу жетишилген макулдашууларды кечиктирбестен ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, беш тараптуу темир жолдун салынышына жана Иран менен Кыргызстандын ортосунда түз аба каттамын ачуу керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0