Сооронбай Жээнбеков Афганистандын өкмөт башчысын Көчмөндөр оюнуна чакырды

Жазылуу
КР премьер-министри Душанбе шаарына болгон иш сапаранын алкагында Афганистандын өкмөт башчысы Абдулла Абдулла менен жолукту.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 11-майда Душанбе шаарына болгон иш сапарынын алкагында Афганистандын өкмөт башчысы Абдулла Абдулла менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча маселелерди талкуулады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбековду Тажикстандан кесиптеши ардактуу кароол менен тосуп алды
Ошондой эле Афганистандын өкмөт башчысы Абдулла Абдулланы Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды.

Жолугушууда кыргыз-афган мамилелеринин актуалдуу маселелери жана CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу боюна кызматташуунун маанилүүлүгү талкууланды. Андан сырткары, транспорттук коммуникация жаатындагы башка долбоорлорду ишке ашыруу белгиленди.

Жээнбеков Кыргызстан Афганистан менен соода-экономикалык жактан кызматташууга кызыкдар экенин айтып, өлкөдө жашап жаткан этникалык кыргыздарга афган өкмөтүнүн көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0