Улуттук гвардиянын башчысы Мелис Сатыбалдиев кызматтан алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук гвардиянын формасы. Архив
Улуттук гвардиянын формасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү буйрукка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгон.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Улуттук гвардиянын башчы командачысы Мелис Сатыбалдиев кызматтан алынды. Тийиштүү буйрукка Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Сатыбалдиев бул кызматка 2014-жылы дайындалган болчу.

Белгилей кетсек, өлкө башчынын буга чейинки башка жарлыгы менен Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Жаныбек Капаровдун ордуна Райимберди Дүйшөнбиев дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0