Кайгуул милициянын башкы башкармалыгын Эркин Баев жетектеди

© Фото / пресс-служба МВД КРПатрулдук милицянын кызматкерлери. Архив
Патрулдук милицянын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркин Баев буга чейин ИИМдин Коомдук коопсуздук башкармалыгын жетектеп турган.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Ички иштер министрлигине караштуу Кайгуул милиция башкармалыгынын жетекчиси болуп Эркин Баев дайындалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

ЖК депутаты ИИМ башчысына "кан ичип" жаткан кайгуул кызматы боюнча сын айтты
Милициянын полковниги Баев премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен үстүбүздөгү жылдын 11-майынан тарта аталган кызматка келди. 

Жаңы жетекчини эмгек жамаатка ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев тааныштырды. 

Эркин Баев 1967-жылы 26-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Таштак айылында төрөлгөн. 2010-жылдан бери ИИМдин Коомдук коопсуздук башкармалыгын жетектеп турган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0