Сарпашев президентке шайлоого даярдык тууралуу маалымат берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди кабыл алуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы аталган мекеменин коррупция менен күрөшүү, таза жана ачык шайлоолорду өткөрүү боюнча жасап жаткан ишинин өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Заманбап каттоо системасы мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун камсыздайт. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевди кабыл алып жатып билдирди.

Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда окуучулардын 40 пайызы пин-номерге ээ болушту
Сарпашев президентке 2016-жылы өтө турган өз алдынча башкаруу органдарындагы жана 2017-жылы боло турган президенттик шайлоого даярдык тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, учурда мамлекеттик каттоо системасын жакшыртуу боюнча чет элдик өнөктөштөр менен ырааттуу иш жүрүп жатат.

Мамлекет башчысы аталган мекеменин коррупция менен күрөшүү, таза жана ачык шайлоолорду өткөрүү боюнча жасап жаткан ишинин өзгөчө маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0