Премьер Жээнбеков Жалал-Абадга иш сапар менен жөнөп кетти

© Фото / Айша КамиловаПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архивное фото
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы 6-7-майда Жалал-Абад облусунда жер көчкү жүргөн аймактарга барып, андан сырткары Бишкек — Ош автожолунун абалы менен да таанышат.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун жер көчкү жана сел жүргөн райондорун кыдыруу үчүн жөнөп кетти. Бул туурасында өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министрдин иш сапары 6-7-майга белгиленген.

Жер көчкүдөн аман калган Мирбек, көз көрүнө көмүлгөн Эрлан. Окуянын чоо-жайы
Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы жакын арада сел жүргөн Аксы районуна барат. Премьер-министр ошондой эле Сузак районунун Алмалуу-Булак айылына барып, кырсык кесепеттерин жоюу иштери менен таанышат.

Премьерге өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жетекчилери табигый кырсыктар жана кооптуулуктар тууралуу маалыматты жеринде беришет.

Жумушчу сапар алкагында Жээнбеков Бишкек — Ош автожолунун абалы менен да таанышмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0