Коргоо кеңеши чек ара коопсуздугун талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Коргоо кеңешинин жыйыны
Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Коргоо кеңешинин жыйыны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргоо кеңешинин жыйынына Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев, Жогорку Кеңеш фракцияларынын башчылары Өмүрбек Текебаев, Канат Исаев, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Иса Өмүркулов жана Өмүрбек Бабанов катышты.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бүгүн Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Коргоо кеңешинин жыйыны өткөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жыйында Коргоо кеңешинин мүчөлөрү "Кыргыз Республикасынын чек ара коопсуздугун чыӊдоо чаралары жөнүндө" маселени карашты. Бул маселе боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев баяндама жасады.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бордюжа: террорчулук менен күрөшүүчү коалицияны тез арада түзсө болот
Күн тартибиндеги "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын иш милдеттерин камсыз кылуунун кечиктирилгис чаралары жөнүндө" маселеси боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Алик Мамыркулов баяндама менен чыкты. 

Талкууга коюлган маселелер боюнча Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев, Жогорку Кеңеш фракцияларынын башчылары Өмүрбек Текебаев, Канат Исаев, Бакыт Төрөбаев, Алтынбек Сулайманов, Иса Өмүркулов жана Өмүрбек Бабанов сунуштары менен ой-пикирлерин ортого салышты. 

Талкуунун жыйынтыгы боюнча жана айтылган ой-пикирлер, сунуштарды эске алуу менен Коргоо кеңешинин мүчөлөрү тийиштүү чечимдерди кабыл алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0