БШК Лунара Мамытованын мандат тапшыруу боюнча жазган арызын 6-майда карайт

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Лунара Мамытова. Архив
Депутат Лунара Мамытова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин эл өкүлү депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазганын билдирген эле.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Лунара Мамытованын депутаттык мандатын тапшыруу боюнча жазган арызын бир жумадан кийин каралышы мүмкүн. Бул туурасында БШКдан Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдиришти.

"Бир Бол" партиясынан депутат болуп келген Мамытова мандатын тапшыра турганын кечээ билдирген болчу.

"Өз каалоом менен депутаттык кызматтан кетүү туурасында арызымды жаздым. Мен үчүн Адам бойдон калуу — башкы максат! Кресло үчүн өлбөйм! Саясий чөйрөсүндө аз убакыт болсом да, саясаттын чыныгы жүзүн биле алдым. Депутаттык ишмердигимде саясатчыларга көңүлүм калган учурлар болду. Саясатта бул кадимки көрүнөш. Албетте саясий чөйрөдө мен сыймыктанган адамдар бар", — деп өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

БШКга Мамытованын арызы келип түшкөн, бирок алар бүгүн ишемби күнү жыйынга чогулбай турганын билдирди.

"Майрамдык эс алуудан кийин, 6-майда саат 15.00дө БШК мүчөлөрүнүн жыйыны болот. Балким ошондо депутаттын мандат тапшырган маселеси каралышы ыктымал", — деп маалымат кызматтан билдиришти.

Лунара Мамытова 2015-жылы VI чакырылышта "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. Буга чейин ал КТРКнын журналисти болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0