КРдин Казакстан менен Өзбекстандагы элчилери кызматынан бошотулду

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүБош кресло. Архив
Бош кресло. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматынан четтетилген Өмүралиев менен Узакбаев элчилик кызматын төрт жыл аркалашты.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Казакстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эсенгул Өмүралиевди жана Өзбекстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиcи Эмилбек Узакбаевди кызматтарынан бошотуу боюнча Жарлыктарга кол койду.

Өлкө башчынын маалымат кызматынын билдирүүсүндө, аталган Жарлыктар бүгүн чыкты. 

Эскерте кетсек, Өмүралиев менен Узакбаев элчилик кызматка 2012-жылы дайындалышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0