Ажат ачкан аксакалдар соту жанданат

Жазылуу
2015-жылы аксакалдар соту өлкө боюнча 10 миңден ашуун иш карап, 228 миң 380 сомдук айып салган.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бүгүн өлкө башчы Алмазбек Атамбаев аксакалдар соту боюнча мыйзамга кол койду. Аталган мыйзамга ылайык, Бишкек жана Ош шаарында аксакалдар сотторун түзүү принциптерин аныктоо укугу жергиликтүү кеңештерге берилди.

Эскерте кетсек, аксакалдар соту 2003-жылы түзүлгөн. Анда ар бир айыл өкмөткө бирден аксакалдар сотун дайындоо каралган. Алар үй-бүлөдөгү чыр-чатактарды жана өтө оор эмес кылмыштарды чечүүгө милдеттендирилген.

Желек көтөргөн жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаанын Жаштар кеңешин түзүү талкууланды
Аксакалдар соту ажат ачкан учурлар аз эмес. Алсак, Баткен шаардык аксакалдар сотуна үч баланын энеси кайрылып, балдары менен көчөдө калганын айткан. Анда ал жолдошу менен чогуу үй салып, үч балалуу болушканын билдирген. Бирок күйөөсү ага айтпастан, аталган үйдү карындашына каттатып койгон. Ортодо түшүнбөстүктөр чыгып, алар ажырашууну чечкенде келинди үйдөн кууп чыгышкан. Ал турак жайды талашайын десе, нике күбөлүгү болгон эмес. Келин сотко кайрылганда анын турак жайга эч кандай тиешеси жок деген чечим чыгарган.

Бул ишке Баткен шаардык аксакалдар соту кийлигишип, келиндин пайдасына огороддун жарымын — 20 сотых жер алып берген.

Баткен шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы, аксакалдар сотунун катчысы Абдибахап Назаров жыл башынан бери 20га чукул үй-бүлөлүк маселелер менен майда-барат иштерди карашканын айтып берди.

"Үй-бүлөлүк ажырашууну азайтууга салым кошуп келебиз. Мындан сырткары, базарда орун талашкандар, жерге байланыштуу маселелерди чечебиз", — дейт Назаров.

Мыйзамды демилгелеген өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Султан Бакасовдун айтымында, мыйзамда аксакалдар соту тарабынан салынган акчалай жаза пулдарды бөлүштүрүү жаатында өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, жаза пулдун 30 пайызы аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнө жана 70 пайызы жергиликтүү бюджетке төгүлөт.

"Алгач мыйзам долбоорунда жаңы конуштарга аксакалдар сотун киргизүүнү сунуштаганбыз. Кийин ал сунуш алынды. Учурда бул мыйзам аксакалдар сотун жандандып, натыйжалуулугун жогорулатууга багытталат", — дейт Бакасов.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы убактылуу кармоочу жайда жаткан атка минерлердин абалын көрдү
Ал кошумчалагандай, аксакалдар сотунун курамына элүү жашка чыккан, аймакта калкынын арасында кадыр-баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары бар, буга чейин соттолбогон инсандар кирет. Мындан сырткары, аксакалдар сотунун мүчөлөрү иш кароо учурунда атайын кийим кийүүсү сунушталууда. Азырынча кандай кийим киери тактала элек. 

10 жылдан бери Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунудагы аксакалдар сотунун катарын толуктап келе жаткан 67 жаштагы Абдыкаар Асанов аксакалдар сотуна керектүү көңүл бурулбай келгенин айтат.

"Биз көбүнчө үй-бүлө, кошуналардын урушу жана башка майда-барат иштерди жүргүзүп келебиз. Көбүнчө эгинге мал тийгенде, чабандар мал жоготуп алганда чыр чыгат. Кээде өмүр бою чогуу жашаган кошуналар 20 сантиметр жер талашып уруша кетишет. Алардын баарын күндүр-түндүр чечип келебиз", — дейт Асанов.

Ал кошумчалагандай, аксакалдар соту бир да тыйын албайт. Керек болсо, иштей турган кеңсеси да жок. 

2015-жылда аксакалдар соту өлкө боюнча 10 миң 355 ишти карап, 228 миң 380 сомдук айып салган. Анын 202 миң сому өндүрүлгөн. Былтыркы жылы аксакалдар соту 2014-жылга караганда 20 пайызга көп иш караган.

Жаңылыктар түрмөгү
0