Исаев Балыкчы — Корумду жолунун чырлуу тендери боюнча жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековСпикерликке талапкер Канат Исаев. Архив
Спикерликке талапкер Канат Исаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчы — Корумду унаа жолунун тендери боюнча чыр Темир Сариев, транспорт министри Аргынбек Малабаев жана анын орун басары Улан Уезбаевдерди кызматтан алып түшкөн.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Балыкчы — Корумду унаа жолунун айланасындагы чырлуу иште экс-премьер Темир Сариев менин кызыкчылыгым бар деп туура эмес айтты. Бул тууралуу спикерликке талапкер Канат Исаев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Эскерте кетсек, Сариев "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаевди сынга алып, аталган жолдун курулушуна "Империя Групп" ишканасын тартууга жан үрөгөнүн айткан.

Портфель на кресле. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Исаев менен Төрөбаев президенттик шайлоого барбайт
"Сариев тендерди утуп алган Кытай компаниясынын лицензиясы бар деп айткан. Бирок лицензиясы мыйзам боюнча бизге туура келбейт. Экс-премьер бул ишке менин жеке кызыкчылыгым бар деп айтты. Ооба, Сариев айтып жаткан фирманын жетекчисинин тууганы биздин партиянын тизмегинде бар. Бирок, мен мыйзамдуулук үчүн айтып чыктым. Анткени, кыргыз фирмалары 1 миллиард 200 миллион сомго арзан жасап беребиз дегенине карабай, кытай фирмасы тендерди утуп кеткен. Жергиликтүү фирмаларды колдоо керек", — деди Исаев. 

Балыкчы — Корумду унаа жолунун тендери боюнча чыр Темир Сариев, транспорт министри Аргынбек Малабаев жана анын орун басары Улан Уезбаевдерди кызматтан алып түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0