Бабанов төраганы шайлоо жабык өтүүсүн сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов. Архив
Жогорку кеңештин депутаты Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү бул кадам кийинки шайлоолорго да үлгү болуусу керектигин айтты.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Өмүрбек Бабанов төраганы шайлоо жабык өтүүсүн сунуштады.

Учурда депутаттар төрагалыкка ат салышып жаткан Исаев менен Төрөбаевге суроо берип жатышат.

"Мен Текебаев, Турсунбеков, Исаев жана Төрөбаевге кайрылат элем. Таза шайлоо болсун үчүн спикерди шайлоо жабык эшик артында өтсүн", — деди Бабанов.

Эске сала кетсек, өткөн бейшемби күнү парламентте төраганы шайлоо маселеси күн тартибине киргизилип, бирок кворум болбой, спикерди шайлоо бүгүнкүгө белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0