Өкмөт мүчөлөрү ЖК комитеттеринде былтыркы иши боюнча отчет бере баштады

Жазылуу
Отчет тармактык комитеттерде жана фракцияларда каралгандан кийин Жогорку Кеңештин жыйынына сунушталат.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бүгүндөн тарта өкмөт мүчөлөрү парламенттин тармактык комитеттеринде аткаруу бийлигинин 2015-жылы аткарган иши боюнча маалымат бере турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Алсак, бүгүн, 18-апрелде, отчетту Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети угат.

Кол саат тагынган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы дайындалган министрлердин бай-кедейи ким?
Отчетту биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев сунуштайт. Жыйынга айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев, экономика министри Арзыбек Кожошев жана өкмөттүн башка бир катар мүчөлөрү катышмакчы.

Эртең, 19-апрелде, былтыркы жылдын отчету парламенттин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинде, ошондой эле Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттеринде каралат.

Отчетто белгиленгендей, өкмөттүн ишмердүүлүгү 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында каралган маанилүү багыттамаларды жана артыкчылыктарды ишке ашырууга багытталган.

Отчет тармактык комитеттерде жана фракцияларда каралгандан кийин Жогорку Кеңештин жыйынына сунушталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0