БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин төрагалыкка расмий түрдө сунуштаганын фракциянын катчылыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, фракциядагы депутаттар Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин колдоого алышкан.
"Жогорку Кеңештин аппаратында катталгандан кийин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын сунушу көпчүлүк коалициясынын башчысы Чыныбай Турсунбековго коалициянын отурумуна кароого жөнөтүлдү", — деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, мурдагы төрага Асылбек Жээнбековдун агасы премьер-министр болгондуктан ал спикерликтен өз эрки менен кеткен.
"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев дагы фракция тарабынан төрагалыкка көрсөтүлгөн болчу.