"РАЖ" фракциясынын ЖК төрөгасын шайлоону жылдыруу аракетинен майнап чыккан жок

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика- Ата-Журт" фракциясынын желекчеси. Архив
Республика- Ата-Журт фракциясынын желекчеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргызстан" фракциясы спикерликке лидери Канат Исаевдин талапкерлигин көрсөтүп жатат.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. "Республика- Ата-Журт" фракциясынын депутаттарынын Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоону башка күнгө жылдыруу аракетинен майнап чыккан жок. 

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмаз Баатыралиев кечээ фракция ичинде жыйын болуп, анда спикерликке Канат Исаевдин талапкерлиги тандалганын билдирди. Көпчүлүк добуш менен спикерликти шайлоо бүгүн күн тартибине кирген. 

Ал ортодо "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат Максат Сабиров төраганы шайлоону кийинки аптага калтыруу демилгесин беш ирет көтөрдү. 

"Спикерди тандоо — жоопту иш, андыктан кылдаттык менен шайлоо керек. "Республика — Ата-Журт" фракциясында консультациялар өтүп жаткандыгына байланыштуу спикерди шайлоону кийинки жумага калтыралы", — деди Сабиров. 

Ал эми "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров кесиптешин колдоп, маселени такыр эле күн тартибинен алып салууну сунуштады. 

"Спикерди шайлоодо кайчы пикирлер чыгып кетти. Андыктан маселени азыр карасак парламенттин регламентине туура келбей, мыйзам бузгандык болуп калат", — деди депутат. 

Первый заместитель руководителя Аппарата Президента КР Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Түшкө кирбеген премьерлик: кезектеги өкмөт башчы Жээнбеков тууралуу 10 факты
Төраганы шайлоо маселесин кароо үчүн эл өкүлдөрү 15 мүнөттүк танапистен кийин күн тартибин өзгөртүү үчүн добушка коюлуп, 23 депутат "макул", 49 депутат "каршы" добуш беришти. Жыйынтыгында төраганы шайлоо күн тартибине киргизилди. 

Эскерте кетсек, кечээ, 13-апрель күнү ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков бир тууган агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматка көрсөтүлүп жаткандыктан, спикерликтен кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0