Медведев Жээнбековду премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүРоссиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев. Архив
Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары бир добуштан Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоп беришти. Андан соң президент Атамбаев анын дайындалышы тууралуу жарлыкка кол койду.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Сооронбай Жээнбековду премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу РФ өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Медведев өз куттуктоосунда Россия менен Кыргызстанды бекем достук жана өнөктөштүк мамиле байланыштырып турарын белгилеген.

"Мындан аркы соода-экономикалык, энергетика, инфраструктуралык, маданий жана гуманитардык жаатта жана ЕАЭБ алкагындагы эки тараптуу кызматташуу мамлекеттердин кызыкчылыгына шайкеш келерине ишенем", — деп айтылат телеграммада.

Первый заместитель руководителя Аппарата Президента КР Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Түшкө кирбеген премьерлик: кезектеги өкмөт башчы Жээнбеков тууралуу 10 факты
Буга чейин мурунку премьер-министр Темир Сариев Балыкчы — Корумду жолунун тендеринин айланасындагы жаңжалдан улам кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Шаршемби күнү ЖК депутаттары бир добуштан Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин жана ал сунуштаган өкмөттүн түзүмү, курамы жана программасын колдоп берди. Андан соң президент Алмазбек Атамбаев Жээнбековдун өкмөт башчылыкка дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон.

Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 13-апрелинде бекитилген өкмөттүн курамын Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0