"Кыргызстан" фракциясы төрагалыкка Канат Исаевди көрсөтүүдө

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан" фракциясынын лидери Канатбек Исаев. Архив
Кыргызстан фракциясынын лидери Канатбек Исаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ ЖК спикери Асылбек Жээнбеков бир тууган агасы премьерликке көрсөтүлүп жаткандыктан кызматынан кетерин билдирген.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргызстан" фракциясы төрагалык кызматка лидери Канатбек Исаевдин талапкерлигин көрсөтүп жатканын депутат Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Анын айтымында, чечим коалицияга жөнөтүлдү. Депутат бул маселени күн тартибине киргизип, түштөн кийин кароону сунуштады. Ага чейин консультациялар өтмөкчү.

Эскерте кетсек, кечээ, 13-апрель күнү ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков бир тууган агасы Сооронбай Жээнбековдун премьер-министрлик кызматка көрсөтүлүп жаткандыктан, спикерликтен кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0