Сооронбай Жээнбеков: премьерлик кызмат түшүмө да кирген эмес

© Фото / Айша КамиловаСооронбай Жээнбеков. Архив
Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясы премьер-министрликке учурдагы төрага Асылбек Жээнбековдун агасы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштаган.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясы өкмөт башчылыкка КСДП фракциясы сунуштаган Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдоду. Мындай чечим фракциянын бүгүнкү чукул жыйынында кабыл алынды.

"Кыргызстан" фракциясынан депутат Чолпон Султанбекова Сооронбай Жээнбековго жоопкерчиликтүү иште ийгилик каалады. Ал эми Нурбек Алимбеков өкмөт башчылыкка талапкер Жээнбековду абийирдүү киши катары сыпаттап, "азыр мамлекетке ыймандуу өкмөт башчы керектигин" белгиледи.

Фракция лидери Канат Исаев Жээнбековду татыктуу талапкер катары айтты.

"Акжолтой өкмөт башчы болушун каалайбыз. КСДП фракциясы да чечим кабыл алып жатканда чарбачыл жетекчи катары сизге токтолсо керек", — деди ал.

Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болом деп үч уктаса түшүнө кирбегенин билдирди.

"Чынын айтсам, премьер болом деп ойлогон эмесмин, ал түшүмө да кирген эмес. Бирок партия ушундай чечим кабыл алгандан кийин макул болдум. Албетте, бул жоопкерчиликтүү жумуш. Азыр бир чети кооптонуп да жатам. Эл алдында, депутаттар алдында мага берилген ишенимди актаганга аракет кылам", — деди ал.

Турсунбеков: премьерликке Сооронбай Жээнбеков көрсөтүлсө, спикер иниси отставкага кетет
Белгилей кетсек, Темир Сариев премьерликтен кеткенден кийин анын орду бош калган. Президент жана ЖКдагы көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка талапкер сунуштоо укугун КСДПга берген. Аталган фракция премьерликке жалгыз талапкер катары Сооронбай Жээнбековду көрсөтүүдө.

Учурда Сооронбай Жээнбеков президенттин аппарат башчысынын биринчи орун басарлыгын аркалайт. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектеп, андан мурда өкмөттүн Оштогу ыйгарымдуу өкүлү болуп келген. Анын иниси Асылбек Жээнбеков — учурда Жогорку Кеңештин төрагасы.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков буга чейин журналисттерге эгер Сооронбай Жээнбеков премьер болуп кала турган болсо, иниси Асылбек Жээнбеков кызматтан кетиши керектигин маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0