БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы премьер-министрликке талапкерлерди жабык эшик артында талкуулап жатат.
Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев отставкага кеткенден кийин анын орду бош калган.
КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков бүгүн журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, коалициялык көпчүлүк премьер-министрди тандоо укугун аталган фракцияга бергенин билдирген.
Турсунбеков өз сөзүндө татыктуу талапкерлердин катарында Сооронбай Жээнбеков да бар экенин айтып, эгер ал премьер болсо ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков кызматын тапшырышы керектигин белгилеген.