БШК шаардык кеңештерге депутат болуп келчү талапкерлердин кезегин өзгөрттү

Жазылуу
27-мартта Кыргызстандын алты шаарында жана 20дан ашык айыл аймагында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында шаардык кеңештерге өткөн шайлоонун жыйынтыгында депутат болуп келчү талапкерлердин кезегин өзгөртүү боюнча чечимдерди кабыл алды.

Сарпашев: жергиликтүү кеңеш шайлоосунда эски паспорттуу 480 адам добуш бербей калды
Белгилей кетсек, 27-мартта жергиликтүү кеңештерге шайлоо Ош, Каракол, Балыкчы, Майлуу-Суу, Токмок жана Кемин шаарлары менен 20дан ашуун айыл аймактарында өткөн. Мында жети пайыздык босогодон өткөн партиялар гана мандат алган.

Жыйында Каракол шаардык кеңешке "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс", "Республика — Ата-Журт" партияларынан депутат болуп келчү талапкерлердин кезеги өзгөртүлдү. 

Ошондой эле Токмок шаардык кеңешке "Республика — Ата-Журт", КСДП партияларынын жана Ош шаардык кеңешке "Өнүгүү-Прогресс", "Бир бол" жана "Кыргызстан" партияларынан депутат болуп келчү талапкерлердин тизмедеги кезеги партиянын атайын катынын негизинде өзгөртүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0