УКМК мамлекеттик сыр болчу маалыматтарды тактоо боюнча өзгөртүүлөрдү сунуштоодо

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имараты. Архив
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сунушка ылайык, "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук копсуздук органдары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеленүүдө.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик сыр болчу маалыматтарды тактаган мыйзам долбоорду коомдук талкууга алып чыкты. 

Мында "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук копсуздук органдары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү сунушталууда. 

Депутаттардын отургучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттык комиссия өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин парламентке алып чыгат
Демилгеде жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик сырды жана коммерциялык сырды ачууга тыюу салынат. 

Мыйзам долбоорунда кызматтык жана коммерциялык сырды камтыган маалыматтарды, ошондой эле мыйзам жол берген учурлардан сырткары жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана абийирине шек келтирген, улуттук коопсуздук органдарына кызмат учурунда белгилүү болгон маалыматтарды жайылтууга болбойт.

Мамлекеттик сыр — аскердик, кызматтык жана мамлекттик болуп үчкө бөлүнөт. 

Мамлекеттик купуя сырды коргонууга, коопсуздукка, экономикалык жана саясий кызыкчылыкка каршы келген маалыматтар түзүп, аларга "өзгөчө маанилүү" жана "өтө жашыруун" деген чектөөчү гриф коюлат.

Аталган мыйзам кыргыз тилинде жазылган. Буга чейинки мыйзам орусчадан которулуп, түшүнбөстүктөрдү жаратып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0