Белоруссия ДСУга кошулуу үчүн Кыргызстандын тажрыйбасын колдонууну көздөйт

© flickr.com / mikestuartwoodБеларусиянын желеги. Архив
Беларусиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп кирген.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү болгондуктан, Белоруссия өлкө тажрыйбасына кызыкдар. Бул тууралуу Улуттук жыйналыштын депутаты Александр Цецохо "Евразия экономикасынын келечеги" эл аралык форумунда билдирди. 

Анын айтымында, Белоруссия ЕАЭС өлкөлөрүнүн ичинен Дүйнөлүк соода уюмуна кире элек жалгыз өлкө болуп эсептелет. Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмуна кирген евразиялык долбоорго эң биринчилерден болуп кошулган. 

"Уюмга кирүү оорчулук жаратпайт. Маселе анын кандай жыйынтык бере турганында болуп жатат. Белоруссия коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтөөгө алып, коркунучтарды кыйгап өтүүгө аракет жасайт. Бул жаатта сиздердин жардамыңыздарга ишенем", − деп билдирет депутат. 

Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөлүгүнө 1998-жылы кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0