Көпчүлүк коалициясынын башчысы Турсунбеков: мен Сариевге ишенем

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын башчысы Чыныбай Турсунбеков. Архив
Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын башчысы Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирок, ошол эле учурда ал өнүккөн өлкөлөрдө кимдир-бирөөнүн коммерциялык кызыкчылыктарын көздөгөн аткаминерлер отставкага кетерин кошумчалады.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын башчысы Чыныбай Турсунбеков премьер-министр Темир Сариевге ишене турганын журналисттерге билдирди.

"Менимче ал жакшы иштеп жатат. Сариев экономиканы көтөрүү үчүн жакшы аракеттерди көрүп, реформа жасоону каалады. Бирок, транспорт министринин айыптоосуу — олуттуу. Жалпысынан алганда мен премьер-министрге ишенем", — деди Турсунбеков.

Анын айтымында, бул окуяны тыкыр иликтеш керек. Ал ошондой эле өнүккөн мамлекеттерде эгер аткаминерлердин кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгын көздөгөнү аныктала турган болсо алар отставкага кетерин айтты.

Асанов: Сариев отставкага кеткен жок
Буга чейин Балыкчы – Корумду автожолун куруу боюнча өткөн тендердин мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссия ага премьер-министрдин айланасындагылардын катыштыгы бар экенин айтып, өкмөт башчынын отставкасын талап кылышкан.

Тендердин калпыс өтүшүнө өкмөт башчынын жакындарынын тийиштиги бар экенин транспорт министри Аргынбек Малабаев депутаттык комиссиянын жыйынында билдирген. Ошондой эле бул иштерге транспорт министринин орун басары Улан Уезбаевдин тийишти бар экенин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0