БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча жарыяланган тендерде кайсы бир компаниянын кызыкчылыгын көздөө тууралуу мага карата коюлган айыптоолор чындыкка дал келбейт. Мындай билдирүүнү премьер-министр Темир Сариев жасады.
Кечээ, 6-апрель күнү Сариев Малабаевди кызматтан алуу боюнча сунушту президент Алмазбек Атамбаевге киргизген. Бирок президенттин аппараты сунуш документтин мыйзамдуулугун камсыздоочу негиздерди тактоо максатында кайра артка кайтарган.
Бул боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, анда Малабаев орун басары Улан Уезбаевдин кытайдын "Лонг Хай" фирмасы жана премьер-министрдин жакындары менен жең ичинен сүйлөшүп алганын, мында жеке кызыкчылыктар ойноп кеткенин жар салган.
Ал арада президент УКМКнын Коррупцияга каршы кызматына тендерди текшерген комиссиянын корутундусун да, Малабаевдин айткандарынын негиздүүлүгүн да текшерип чыгууну тапшырган.
Өз билдирүүсүндө өкмөт башчы Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолунун курулушу Транспорт жана коммуникация министрлигине тапшырылганын, министр буга жеке жоопкер экенин баса белгиледи.
"Мыйзамдын бузулушу ачыкка чыккандан кийин министр жоопкерчиликти башкаларга, ошондой эле кол астында иштегендерге оодарууну көздөп жатат. Бул кырдаалда мен премьер-министр катары жоопкерчиликтен баш тартпай туруп дарегиме айтылган айыптоолор жалган жалаа жана чындыкка дал келбей турганын билдирем", — деди өкмөт башчы.
Белгилей кетсек, Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду автожолун оңдоо боюнча жергиликтүү эки жана чет элдик эки компания арыз берген. Бул жолду оңдоо иштерине кеткен каражат респуликалык бюджеттен бөлүнөт.
2015-жылдын октябрь айындагы тендердин жыйынтыгы боюнча 6 миллиард 803 миллион 503,5 миң сом сунуштаган Кытайдын "Лонг Хай" компаниясы жеңүүчү деп табылган.