Назарбаев ЕАЭБ менен Евробиримдикти ийри отуруп түз кеңешүүгө чакырды

© Фото / Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандын президенти эки ири уюмду биргелешип конференция өткөрүүгө чакырды. Бул ЕАЭБ менен ЕБдин ортосундагы анча-мынча пикир келишпестиктерге чекит коет, дейт ал.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Европа биримдиги (ЕБ) менен Евразиялык экономикалык биримдикти (ЕАЭБ) биргелешип конференция өткөрүүгө чакырды.

Өлкө башчы учурда Вашингтондо өтүп жаткан өзөктүк коопсуздук боюнча саммитке катышып жатат. Анын алкагындагы жыйында Назарбаев Европа биримдиги жана Европа комиссиянын жетекчилиги менен ЕБ жана ЕАЭБдин өз ара аракеттенишүүсүн талкуулаганын айтты. 

"Бул олуттуу маселе. Батышта ЕАЭБди "СССРдин калыбына келтирилиши" катары кабыл алгандар көп. Андыктан мен эки уюмду биргелешкен конференция өткөрүүгө чакырдым. Бул ишке ашып калса, эксперттер пикир келишпестиктерге чекит коюп, тынч соода жүргүзүүгө жакшы шарт түзүлмөк", — деди өлкө башчы.

Ал эми буга казак президент бир катар тоскоолдуктар бар экенин белгиледи.

"Негизинен бул — Батыштын Россияга карата санкциялары. Бирок эгер келечекте ЕБ, ЕАЭБ менен Шанхай кызматташтык уюму эркин соодага жол берсе, бул бардык Евразия үчүн чоң пайда алып келмек", — деди Назарбаев.

Россия менен Батыштын мамилеси Украинадагы кырдаалдан улам начарлап кеткен. 2014-жылдын июль айында ЕБ менн АКШ Россиянын экономикасы үчүн бир катар санкцияларды киргизген. Ага жооп катары Россия санкция киргизген өлкөлөргө импортту чектеп койгон. Ал эми санкциялардын узартылышына азык-түлүккө 2016-жылдын 5-августуна чейин эмбарго жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0