Экономика министринин орун басарлыгына Алмаз Сазбаков дайындалды

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика министринин орун басарлыгына Алмаз Сазбаков. Архив
Экономика министринин орун басарлыгына Алмаз Сазбаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сазбаков буга чейин Экономика министрлигинин алдындагы Инвестиция жылдыруу боюнча агенттикти жетектеп келген.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Экономика министринин орун басарлыгына Алмаз Сазбаков дайындалды. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Темир Сариев кол койгон.

Жаңы орун басарды эмгек жамаатка өкмөт аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Николай Чуйков тааныштырды.

Сазбаков буга чейин Экономика министрлигинин алдындагы Инвестиция жылдыруу боюнча агенттикти жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0