ТИМ: Кыргызстан акчалай жардам сурабайт, жөлөк-таяк болууну гана өтүнөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев жана Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер.
Кыргызстандын ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев жана Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы иштер министринин айтымында, демократия ач-жылаңач болбошу керек.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстан демократияны өнүктүрүү үчүн экономикалык жана саясий колдоого муктаж экенин ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев германиялык кесиптеши менен өткөргөн маалымат жыйында билдирди.

Европанын коопсуздук жана кызматташуу уюмунун учурдагы төрагасы, Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга иш сапары менен кечээ келди. Ал Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, бир катар жолугушууларды өткөрдү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев жана Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер.
1/2
Кыргызстандын ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев жана Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер.
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев жана Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер.
2/2
Кыргызстандын ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев жана Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер.
1/2
Кыргызстандын ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев жана Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер.
2/2
Кыргызстандын ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев жана Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер.

"Кыргызстан парламенттик демократия түзүү жолунда бара жатат, бизге саясий да, экономикалык да колдоо керек. Биз акчалай жардам жөнүндө сөз кылган жокпуз, кеп өз ара пайдалуу экономикалык долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу болууда", — деди Абдылдаев.

Анын айтымында, германиялык делегациянын курамындагы ишкерлердин жоон тобунун Кыргызстанга карата кызыгуусу пайда болот деген ишеним күч. 

"Ачык-айкын шайлоо өлкөнүн өнүгүү жолунда баратканынын кепили болот. Биздин акыркы шайлоо буга ачык далил. Шайлоо системасын реформалоо маселеси дагы деле талкууланууда. Биз ачык, демократиялык өлкөдө жашагыбыз келет, бирок демократия ач-жылаңач болбошу керек. Андыктан Германия жана Европа менен экономика жаатындагы кызматташуу биз үчүн зарыл", — деди министр.

Франк-Вальтер Штайнмайер Германия Кыргызстанга саясий колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгилеп, немис ишкерлерин Кыргызстанга болгон кызыгуусун арттырууга бардык шарттар түзүлөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0