Бишкектин Жол кайгуул кызматын убактылуу Нурдин Насыркулов жетектемей болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызмамткери. Архив
Жол кайгуул кызмамткери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул кызматты Насыркуловго чейин Зумрад Жанабаева ээлеп келген.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкектин Жол кайгуул кызматын жетекчисинин милдетин Нурдин Насыркулов аткармай болду. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Тийиштүү буйрукка ИИМ башчысы Мелис Турганбаев бүгүн кол койгон. 

Маалыматка ылайык, буга чейин Насыркулов Жалал-Абад ОИИБнын башчысынын орун басары болуп келген.

"Насыркулов Жол кайгуул кызматынын жетекчилигине карата өткөрүлө турган сынакка чейин дайындалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы Зумрад Жанабаеванын камакка алынышын ашкере катуу чара деп эсептейт
Эскерте кетсек, бул кызматты Насыркуловго чейин Зумрад Жанабаева ээлеп келген. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана документтерди жасалмалаган деген шек менен өткөн бейшемби күнү Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан кармалып, Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ишемби күнү сот аны камакта 17-апрелге чейин калтыруу боюнча чечим чыгарган.

Ал эми дүйшөмбүгө караган түнү жүрөгү ооруп, ооруканалардын бирине тез жардам менен жеткирилген. Дарыгерлерге таянуу менен туугандары анын абалы оор экенин айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0