КР дипломаттары Италияда виза талаптарынан бошотулат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРим шаары. Архив
Рим шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы макулдашууга Бишкекте кол коюлган. ТИМ мындай аракет эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө болорун белгилейт.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Италиянын өкмөттөрү эки өлкөнүн дипломаттарын визалык талаптардан бошотуу боюнча макулдашууга кол койгонун Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Туристтер Азиядагы 9 мамлекет үчүн "Жибек Жолу" визасын алгысы келет
Аталган документке шаршемби күнү Кыргызстандын атынан ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев, ал эми Италия тараптан өлкөнүн элчиси Стефано Раваньян кол койду. 

Министрлик мындай кадам эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө, достук мамилелерди чыңдоого, экономикалык, соода, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык жана консулдук мамилелерди бекемдөөгө шарт түзөрүн белгилейт. 

Мындан тышкары, макулдашуу эки өлкөнүн дипломатиялык сапарларынын көбөйүшүнө өбөлгө болору айтылат. Мында дипломаттар аталган өлкөлөргө биринчи жолу келсе 180 күн, ал эми бир нече жолу кирсе 90 күнгө чейин визасыз жүрүүсү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0