БШК Майлуу-Суу шаардык кеңешке болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарды

© Эсен ШишкараевМайлуу-Суу шаарындагы шайлоо участогундагы жарандар
Майлуу-Суу шаарындагы шайлоо участогундагы жарандар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы 9850 шайлоочунун 5120сы өз добуштарын берген.

БИШКЕК, 27—мар. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Майлуу-Суу шаардык кеңешке болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарды.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандагы алты шаарда жана 22 айыл аймакта жергиликтүү кеңешке шайлоо болду.

Шаар боюнча жалпы 9850 шайлоочунун 5120сы өз добуштарын берди. Алардын алдын ала жыйынтыктары төмөндөгүдөй:

  • "Республика—Ата-Журт" —2 130 (40,68 пайыз);
  • КСДП — 2 012 (38,43 пайыз);
  • "Өнүгүү-Прогресс" — 528 (10,08 пайыз);
  • "Ата Мекен" —419 (8 пайыз);
  • "Эмгек" —121 (2,31 пайыз).

Мыйзам боюнча жети пайыздык босогону өткөн партияларга гана жергиликтүү кеңештен мандат берилет. Алар өз кезегинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0