Ош шаарынын мэри Кадырбаев шаардык кеңешке өтүп жаткан шайлоодо өз добушун берди

© Sputnik / Исмаил МамытовОш шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев добуш берүү учурунда
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев добуш берүү учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык кеңешке 13 саясий партия ат салышып, учурда мыйзам бузуулар каттала элек. Шайлоо тынч өтүүдө.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ош шаарында өтүп жаткан шаардык кеңештин депуттарын шайлоодо калаа башчы Айтмамат Кадырбаев өз добушун берди.

Анда мэр шаардагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин имаратында жайгашкан №5327-шайлоо участогунда жарандык милдетин аткарды. 

"Саат 8:00дөн тарта шайлоо участкалары ишин баштады. Элдин маанайы жакшы. Шайлоо тынч өтүүдө", — дейт Кадырбаев.

Шаардык кеңешке 13 саясий партия ат салышып, учурда мыйзам бузуулар каттала элек. Шайлоо тынч өтүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн 27-мартында жергиликтүү кеңештерге шайлоо алты шаар менен 20дан ашуун айыл өкмөттөрүндө өтөт. Анда биометрикалык маалымат тапшырган 265 миң жаран добуш берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0