"Оппозициянын сүйлөшүүсү" делген аудио УКМКнын колунда болуп келген

© Sputnik / Жоомарт УраимовКулак кап жана телефон. Архив
Кулак кап жана телефон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оппозиция өкүлдөрү сүйлөшүү жазылган видеонун монтаж экенин айтышууда. Кечээ укук коргоо органдары Интернетте пайда болгон аудиолор текшерилип жатканын белгилеген.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Өлкөдөгү кырдаалды курчутуу, бийликти басып алуу тууралуу сүйлөшүүлөр жазылган аудио буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин колунда болуп келгенин аталган мекеме билдирди.

Ош шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарында эртең оппозиция өткөрө турган митинг болбой калды
21-март күнү Интернет айдыңында аудио пайда болуп, анда Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев жана Бектур Асанов болушу мүмкүн делген оппозиционерлер бийликти басып алуу, аймактарда баш аламандык уюштуруу жана акча бөлүштүрүү тууралуу сүйлөшүп жаткандыгы жазылып алынган.

Оппозиция өкүлдөрү сүйлөшүү жазылган видеонун монтаж экенин айтышууда.

УКМК аталган аудиого буга чейин козголгон кылмыш иштин алкагында жана соттун чечими менен ээ болгонун белгиледи.

Ал эми кылмыш иши боюнча маалымат берилген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0