Президент Коргоо кеңешинин катчысы менен улуттук коопсуздук маселесин талкуулады

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуунун алкагында Коргоо кеңешинин алдындагы отурумдун күн тартиби дагы талкууланган.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. 

Жолугушууда улуттук коопсуздукту камсыз кылууга жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоога байланышкан маселелер талкууланганы маалыматта белгиленген. Андан тышкары Коргоо кеңешинин алдындагы отурумдун күн тартиби дагы талкууланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0