Өкмөт башчы Прага — Бишкек — Сеул авиакаттамын ачуу маселесин көтөрдү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Темир Сариев Ян Гамачек менен 16-мартта жолугуп, Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы эки тараптуу байланышты чыңдоонун жолдорун талкуулашкан.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев Прага — Бишкек — Сеул авиакаттамын ачуу маселесин Чехия парламентинин депутаттар палатасынын төрагасы Ян Гамачек баштаган делегация менен жолугуу учурунда көтөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тамчыдагы аэропорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жайында Россиянын Оренбург шаарынан Тамчыга аба каттамы ачылат
Белгилей кетсек, 16-мартта Сариев Гамачек менен жолугуп, Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулаган.

Ошондой эле, КР өкмөт башчысы жакында Чехиянын эки компаниясы менен чакан ГЭС куруу жаатында келишимге кол коюлганы жатканын жана бул долбоорлордун баасы 190 миллион долларды түзөрүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0