Кочкор районунун акими шайланды

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКресло. Архив
Кресло. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Райондун мурдагы акими соттолгону боюнча факты аныкталып, кызматтан алынган.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп Нурлан Керимкулов шайланганын өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Добуш берип жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодө кимдер мөрөй талашат?
Маалыматка ылайык, аталган кызмат орунга премьер-министр тарабынан Нурлан Керимкулов, Бурканбек Акишов, Нурлан Эшмуканбет уулу, Жакшылык Замирбековдун талапкерлиги сунушталган. Бирок, шайлоо башталаар алдында Эшмуканбет уулу менен Замирбеков талапкерлигин алышкан.

Акимди шайлоодо жергиликтүү кеңештин 151 депутатынын 140 катышты. 83 добуш менен Нурлан Керимкулов аким болуп шайланды.

Белгилей кетсек, райондун мурдагы акими Нурбек Жусупбековдун соттолгону боюнча эки фактыны Башкы прокуратура аныктаган. 2016-жылы 28-январда премьер-министрдин буйругу менен кызмат ордунан алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0