Белоруссиядагы элчи Балтика өлкөлөрүндө да КРнын таламын талашат

© Sputnik / Евгений КазарцевЭлчи Кубанычбек Өмүралиев. Архив
Элчи Кубанычбек Өмүралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Литва, Латвия жана Эстониядага элчи дайындоо боюнча жарлыкка өлкө башчы бүгүн, 9-март күнү кол койду.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Белоруссиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиевди эки ишти айкалыштыруу менен Латвия, Литва жана Эстониядагы элчиси кылып дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.

Буга чейин КРнын көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин уставдык органдарындагы туруктуу өкүлү Өмүралиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңеш да жактырып колдоп берген.

Аталган өлкөлөрдөгү элчиликтердин резиденциялары Минск шаарында жайгашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0