БШК жергиликтүү кеңеш шайлоосуна пайдаланылуучу бюллетендердин формасын бекитти

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоонун жыйынтыктарын эсептөө. Архивное фото
Шайлоонун жыйынтыктарын эсептөө. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке шайлоо үстүбүздөгү жылдын 27-мартына белгиленген.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Жергиликтүү кеңеш шайлоосуна пайдаланылуучу бюллетендердин формасы менен коргоо даражасы бекитилгенин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Шайлоодогу операторлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК аймактагы комиссия мүчөлөрү үчүн окууларды уюштурууда
Маалыматка ылайык, комиссиянын жыйынында бюллетендерден тышкары, Чүй айыл өкмөт башчысын шайлоо боюнча добуш берүү протоколдору каралып, айрым аймактык шайлоо комиссияларынын ваканттуу депутаттык мандаттарды талапкерлерге берүү чечимин бекитти.

Мындан тышкары, Кочкор, Жумгал, Нарын, Аксы, Тогуз-Торо, Кемин, Панфилов, Каракол, Жети-Өгүз, Манас, Лейлек жана Ош аймактык шайлоо комиссияларынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жергиликтүү кеңешке шайлоо 27-мартта өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0