Стамбулдагы башкы консул Түлөбердиев кызматынан бошотулду

© пресс-служба МИД КРКыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун имараты. Архив
Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түлөбердиев башка кызматка которулуп жатканына байланыштуу консулдуктан бошотулганы айтылууда.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Ренат Түлөбердиев кызматынан бошотулганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү буйрукка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-февраль күнү кол койду.

Маалыматта Түлөбердиев башка ишке өтүп жаткандыгына байланыштуу кызматынан бошотулганы айтылат.

Түлөбердиев Башкы консул кызматына 2014-жылдын июль айында дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0