Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Албек Ибраимов экзаменге даярданууда

© Sputnik / Жоомарт Ураимовwww.sdpk.kg сайтынын баракчасынан тартылган сүрөт. Ибраимов Албек. Архив
www.sdpk.kg сайтынын баракчасынан тартылган сүрөт. Ибраимов Албек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ибраимов көркөм окуп, комиссия мүчөлөрүнүн кошумча суроолоруна жооп бериши керек болот.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Азырынча калаа башчылыгына жалгыз талапкер болуп жаткан Албек Ибраимов кыргыз тили боюнча сынакка даярданып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди. 

КСДП фракциясынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэрлигине КСДП фракциясы Албек Ибраимовдун талапкерлигин сунуштады
Кыргыз тили боюнча экзамен бүгүн саат 15:00дө Борбордук шайлоо комиссиясында болот. Аны жети адамдан турган комиссия кабыл алат. 

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматовдун айтымында сынактын жүрүшүндө талапкер он мүнөттүн ичинде өзүнүн программасын жазып, аны ооз эки айтып берүүсү зарыл. 

Мындан сырткары, экзамендик билетти алып, кыргыз жазуучуларынын чыгармасын көркөм окуп, комиссия мүчөлөрүнүн кошумча суроолоруна жооп берүү талап кылынат.

"Сынакты кабыл алчу комиссия президенттик шайлоодогудай эле абройлуу",— дейт Маматов.

Эске салсак, Кубанычбек Кулматов 9-февралда отставкага кеткен. Учурда мэрдин милдетин вице-мэр Айгүл Рыскулова аткарып жатат. Ал эми жаңы мэрди шайлоо 27-февралда өткөрүлөт. 

19-февраль — мэрликке талапкерлерди каттонун акыркы күнү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0