БШК жергиликтүү кеңешти шайлоо алдындагы "оюн эрежелерин" түшүндүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоочу бюллетень салып жатат. Архив
Шайлоочу бюллетень салып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгерде партиялар шайлоо фондун түзбөсө, андагы шайлоо күрөөсү тууралуу документтерди бербесе, ал талапкерлер катталбай турганын БШК эскертет.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоо эрежелерин партияларга түшүндүрөт. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы кабарлады. 

Бул боюнча "Жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жөнүндөгү" атайын мыйзам бар. Шайлоого ат салышып жаткан партиялар БШКдан каттоодон өткөн соң өз кампаниясын каржылоо үчүн беш күндүн ичинде шайлоо фондун түзүүсү керек. 

Аталган эсеп жергиликтүү шайлоо комиссиясынын уруксаты менен ачылат. 

Бишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэрлигине талапкерлердин кыргыз тили боюнча билими текшерилет
Арыз жана күрөө маселеси мыйзамдын 53-беренесинде каралган. Талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоого чейинки 40 календардык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкердин арызын жана шайлоо күрөөсүн киргизгендигин ырастоочу документти тапшыруусу зарыл. 

Мыйзамга ылайык, талапкерлер партиялардын съездинде сунушталат. 

Эгерде партиялар шайлоо фондун түзбөсө, андагы шайлоо күрөөсү тууралуу документтерди бербесе, ал талапкерлер катталбай турганын БШК эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0