Президент өкмөткө камсыздандыруу төлөмдөрүндөгү тарифтерди карап чыгууну тапшырды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алуу учурунда.
Президент Алмазбек Атамбаев социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы система айылдарда жашап иштеген карапайым калктын жашоо шартын толук кандуу эске алган эместиги айтылды.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө камсыздандыруу төлөмдөрүндөгү тарифтерди карап чыгууну тапшырганын мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, президент шейшемби күнү социалдык фонддун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевди кабыл алды. Жолугушууда Атамбаев ведомствонун төрагасы берген маалыматты угуп, көпчүлүк мекендештер алган пенсиялары камсыздандыруу төлөмдөрүн төккөндөрүнөн көз каранды болоорун түшүнүп калганын айтты. 

"Азыркы система айылдарда жашап иштеген карапайым калктын жашоо-шартын толук кандуу эске алган эмес. Камсыздандыруу төлөмдөрүндөгү тарифте чоң жер тилкелери менен кичине жер тилкелеринин айырмасы жок болуп калган", — деди Атамбаев. 

Ушул себептен улам президент социалдык фонддун төрагасына камсыздандыруу төлөмдөрүндөгү тарифтерди карап чыгуу тапшырмасын берди. 

Азыркы тарифтер айлык маянанын 10 пайызын түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0